Социалдык тармактарда шоу-бизнес өкүлдөрүнүн арасында "Алтын кумган" аталышындагы челлендж башталды. Активист Бакытбек Мойдуновдун демилгеси менен башталган челлендждин шарты катышуучулар апасынын бутун жууп, андан кийин өөп коюшу кажет.
Алгач Бакытбек Мойдунов бул шарттарды аткарып, Мирбек Атабековго өткөрүп берген. Ырчы Атабеков да шарттарды аткарып, кезекти ырчы Омарга берди.
Бул тууралуу Инстаграмдагы баракчасына видео жүктөгөн Атабеков: "Тапшырманы аткарууга аракет кылдым. Бул челлендж бир күндүк эле эмес, түбөлүккө кала турган челлендж. Бейиш энелердин таманынын астында. Камера алдында гана эмес, ар дайым апаларыбызды сыйлап, алардын батасын алып туралы", - деп жазган.