Талас шаарындагы стадиондон 19 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
30-апрель күнү болжол менен саат 13:25 чамасында Талас районунун Көк-Ой айылынын тургуну 2002-жылы туулган М.Э. аттуу кыздын жансыз денеси табылган.
Аталган билдирүүнүн негизинде тергөө тобу барган маалда Талас шаарынын 1997-жылы туулган К.М. Манас районунун Арал айылынын 1998-жылы туулган Б. уулу Б. жана Талас шаарынын 1997-жылы туулган тургуну Ш.Б. Талас шаарынын Э.Кутманалиев атындагы стадионунан кыздын жансыз денесин облустук ооруканага алып барышкан.
Бул окуя каттоого алынып, териштирүү иштери башталган. Жансыз денеге кароо жүргүзүү учурунда эч кандай күч колдонуунун белгилери аныкталган эмес. Ал эми окуя боюнча каза болгон кыздын ата-энеси эч кимге эч кандай арыз доосу жок экендигин, кызынын жансыз денесин экспертизага берүүдөн баш тарта тургандыгын жана сотко чейинки өндүрүш ишин кыскартып берүүнү өтүнгөн.