Сауд Арабиясы коронавирустун жаңы түрлөрүнүн жайылышынан улам жабылып турган чек араларын 17-майдан баштап ачып, жарандарынын башка өлкөлөргө чыгуусуна коюлган чектөөлөрдү алат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"2021-жылдын 17-майында саат 01:00дөн баштап жарандардын жүрүүсүнө коюлган чектөөлөр алынып, башка өлкөлөр менен деңиз, кургактык жана аба каттамдары ачылат", - деп айтылат билдирүүдө.
Маалым болгондой, кыймылга коюлган чектөөлөрдүн алынып салынышы эмделгендерге, башка мамлекетте коронавирусту дарылоонун чыгымын жаба турган медициналык камсыздандыруу полиси бар 18 жашка чейинки жарандарга тиешелүү.
Чет элдиктер Сауд Арабиясына келгенден кийин 2 жумалык милдеттүү карантинден өтүшү керек. Белгилей кетсек, аталган өлкөгө чектөөлөр 2020-жылдын 21-декабрында киргизилген.