Метродогу кырсык 23 адамдын өмүрүн алган. Мексикада 3 күндүк аза күтүү жарыяланды

Мексиканын президенти Андрес Мануэль Лопес Обрадор метродо орун алган кырсыкка байланыштуу үч күндү улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Жазылган маалыматка ылайык, 3-майда Мехико шаарынын түштүк-чыгыш тарабындагы Оливос станциясында 12-линияда метронун 2 вагону 10 метр бийиктиктен кулап түшкөн. Анын кесепетинен 23 адам каза болуп, 79 адам жаракат алган.

"3-майда орун алган метродогу кырсыкка байланыштуу улуттук 3 күн аза күтүү күнү деп жарыялансын" деп жазылат документте.

Учурда жаракат алган жарандар ооруканада. Кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан