Атактуу америкалык жеңилбес мушкер Флойд Мейвезер филиппиндик мушкер Мэнни Пакьяону карьерасындагы мыкты мушкер деп эсептейт. Бул тууралуу Мейвезер америкалык басылмалардын бирине берген маегинде айткан.
"Мен беттешкен эң мыкты мушкер бул - Мэнни Пакьяо. Ал рингдин ичине киргенде укмуштуудай жана өтө тез кыймылдайт. Ал өтө күчтүү мушкер. Мен анын эмне үчүн ушунча беттеште жеңишке жеткенин жакшы түшүнөм", - деген Мейвезер.
Пакьяо менен Мейвезер 2015-жылы май айында беттешкен жана Мейвезер калыстардын чечими менен жеңүүчү аталган. Флойд Мейвезер карьерасында жалпы 50 беттеш өткөрүп, бардыгында жеңишке жеткен.