Биз социалдык тармакта

Август айында жарандар 4 күн катары менен эс алышат

9-Май майрам күнү жекшембиге туура келгендиктен мыйзамга жараша дем алыш күнү майрам күндөн кийинки жумуш күнүнө которулат. Бирок дем алыш жана жумушчу күн эсептелбеген майрам күндөрүн натыйжалуу пайдалануу максатында өкмөт 10-май дем алыш күнүн башка күнгө – 30-августка которуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"10-май иш күнү деп жарыяланды, ал эми августта Кыргыз жарандары 4 күн катар: 28, 29-август (ишемби жана жекшемби), 30-августта (дүйшөмбү) 10-майдын эсебинен жана 31-августта (шейшемби) Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү эс алышат", - деп жазылган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Elyar84
2021-05-05 22:28:13
Окуучулар, студенттер качан эс алышат болду экен анда 9-майдын эсебинен
+1
Maguska555
2021-05-05 22:37:26
Elyar84,Жайы менен каникулда журушот, 9 ай бою 6 саат окушат. Анан ошого чарчап атышабы окуучулар менен студенттер? Бир жылдан бери онлайн окуп, ансыз да уйдо отурушат. Отуруп алып,жон эле жумурткадан кыр издеп, озунчо эле акылдуу болгонду токтотсок.
+10
Aidar.001
2021-05-05 23:39:24
Бир жолу декабрдыкын деле айтып койсо болмок экен ))), августту айткандан кийин
+3
munduz2016
2021-05-06 20:10:11
Уррраааа ,10-май иштейт экенбиз!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан