Орусиянын мурдагы президенти Борис Ельциндин санаалашы, вице-премьер-министрлик кызматты аркалаган Михаил Полторанин Крым жарым аралын Орусиянын курамына кошуп алуудан Ельцин баш тарткандыгын айтты. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Полтораниндин айтымында, түзүлгөн келишимде Крым Орусиянын курамына өтүп, ордуна Украина 10 жыл бою бекер жаратылыш газын алып турмак.
"Бул жакшы келишим болгон, Бирок Ельцин баш тарткан. Ал "Крымдын кереги жок, Петербургда бош пирстер бар, деңиз флотубузду ошол жакка жайгаштырабыз" деп айткан", - деп билдирген Полторанин.
Крым жарым аралы 2014-жылы референдумдан кийин Орусиянын көзөмөлүнө өткөн. Украина бийлиги референдумдун жыйынтыгын таануудан баш тартып, "Орусия Крымды аннексиялап алган" деген пикирде. АКШ жана Европа биримдигинин курамындагы өлкөлөр Украинанын позициясын колдоп келет.