Англия премьер лигасынын 37-38-турларында күйөрмандар стадионго киргизилиши мүмкүн

Англия премьер лигасынын 37-38-турларында күйөрмандар стадионго киргизилиши мүмкүн. Бул тууралуу жергиликтүү спорт басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, мындай кадам Улуу Британиянын өкмөтү коронавирустан улам киргизилген чектөөлөрдү азайтса мүмкүн болот.

"Стадиондорго талаа ээлеринин гана күйөрмандары киргизилет. Клубдардын өкүлдөрү өз ара кеңешип, конокто ойной турган командалардын күйөрмандарын азырынча киргизбей турууну чечти. Бул да болсо стадион толо күйөрмандардын коштоосунда өткөн оюндарга кайтып келүүгө болгон биринчи кадам", - деп жазылат маалыматта.

АПЛдин 37-турунун алкагындагы беттештер 19-майда, ал эми 38-турдун оюндары 23-майда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан