"Мага кабатыр болуп, колдоп жаткан замандаштарыма рахмат". Мурдагы билим берүү министри Алмаз Бейшеналиев кайрылуу жасады

Мурдагы билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев кайрылуу жасады. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"Алты жарым ай иштеген жооптуу кызматтан кетип жатып жалпы элиме ыраазычылык билдиргим келди. 2020-жылдын 13-октябрь күнү өлкөбүздө саясий абал курч болуп турган кезде эң маанилүү тармак болгон Билим берүү жана илим министрлигине жетекчи болуп дайындалдым. Ошондой эле пандемияга байланыштуу окуу процесси 100 пайыз онлайн жүрүп жаткан, жалпы элибиз үчүн оор болуп турган мезгилде келдим. Мамлекетимдин бюджетинин ири бөлүгүн алган менен билим, илимдеги өнүгүүгө тыйын бөлүнбөгөн финансылык тартыштык маселеси турду.
Бирок ага карабастан, элибиздин колдоосу, мугалим, педагог, илимпоздорубуздун күжүрмөндүгү менен позитивдүү маанайда иш алып барганга аракет кылдык. Бул мөөнөттө колдоо көрсөтүп, билим, илим министри кызматын алып барышыма шарт түзгөн жалпы элибизге, президентибиз Садыр Жапаровго, өкмөт башчыбыз Улукбек Мариповго, депутаттарга, өкмөт мүчөлөрүнө, Эл аралык уюмдарга, элчилерибизге, өлкөбүздөгү өнөктөш өлкөлөрдүн элчилерине, визавилериме, журналисттерге, министрликтин аппаратына, жалпы мугалим, илимпоз жана тармактын жалпы кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирем. Мага кабатыр болуп, пикир билдирип жаткан, колдоп жаткан замандаштарыма рахмат. Баары жакшы болот, мындан ары да колумдан келгенин өлкөм үчүн кылганга даярмын. Жумушка байланыштуу кимдир-бирөөнүн жүрөгүн ооруткан болсом кечирим сурайм. Өлкөбүз гүлдөп-өссүн, ылайым тынчтык гана өкүм сүрсүн", - деп жазылат кайрылууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Sara1993
2021-05-06 09:17:29
Татыктуу министр болчу, ордуна келген министр бизди кайра артка эле тартышы мумкун, алдыга тартышына козум жетпейт.
+4
algakaray
2021-05-06 10:08:06
Алмаштыра бербей татыктуу бироону койуп убакыт берип, жыйынтык чыгаргыдай иштетсек жакшы болот эле. Бироо келет жаны жакшы нерселерди жасайын десе эле жумуштан алынат.
+5
Nur345254
2021-05-06 13:30:08
Чындыгын айтканда эч кимиси кыйратпады мектеп бала бакчалар дагы деле мыйзамсыз акча чогултууну токтотподу
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан