Садыр Жапаров Жеңиш күнүн белгилөө үчүн Москвага барбайт. Анын себебин маалымат катчы түшүндүрдү

Президент Садыр Жапаров Улуу Жеңиш күнүн белгилөө үчүн Москвага барбай турганы буга чейин маалымдалган.

Бул маалымат азыркы тапта дагы интернет желелеринде кызуу талкууланууда. SUPER.KG порталы президенттин маалымат катчысы Галина Байтеректен Садыр Жапаров эмне себептен Москвага барбай турганын сурап, төмөнкүдөй жооп алды.

Маалымат катчынын айтымында, Жапаров пандемиядан улам 9-майга карата Москвага барууну өзү деле пландаган эмес. Ал эми интернет колдонуучуларынын тынчсыздануусуна олуттуу себеп деле жок.

"Орусия быйыл Жеңиш күнүн юбилейлик маанайда белгилебегендиктен, КМШнын лидерлери расмий түрдө иш-чарага чакырылган эмес. Мунун себеби катары Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков пандемияга байланыштуу экенин айтып, түшүндүрдү.

Ал эми Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Москвага болгон сапары бир ай мурун эле макулдашылган. Мындай расмий жолугушуулар 2-3-күн калганда эмес, бир ай мурун макулдашылат, алардын сүйлөшүүсү пландалганда чек арада чыр чыга элек болчу”, - деди Байтерек.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
algakaray
2021-05-06 10:03:58
Москвага аман болсо дагы коп бараар. Андан коро ушактан ишке отолучу. Жыйынтык кк бизге азыр. Интернеттен ар кайсынысы жаза бербей эмгек кылалы эл журт.
+10
Munar7777
2021-05-06 10:25:21
Капа болбогулаго ташиевда ыйламсырап журот саясатчы эмес экенсинер силердин маалымат бергенинер карагыла песковтун маалымат бергенин кара 4 созго 100 соз мн жооп бертасынар
-4
BarsBaatyr
2021-05-06 10:29:29
Көп дабдырап актанбачы. Чакырса ушундай эле бармак.
-3
modem4999
2021-05-06 10:40:49
Чакырса бут жыйыштырып коюп эле бармак да.
-3
bayern-munchen
2021-05-06 10:42:31
мен ушул Путинди кудайга тенегендерге кайрылат элем мына Путиндин ачык жузу коруно баштады баары оз пайдасын ойлойт ошондуктан Кыргызстан учун только кыргыз куйот жаманбы жакшыбы президентти колдоп ынтымакта бололу
+8
baisogur
2021-05-06 11:05:51
Ызы чуу комментарийлер супердин чыр добосундо.
+1
Nina.alex
2021-05-06 11:54:53
Мигранттарды Путин кубаласа коросунор анан
-5
Aybiyke
2021-05-06 12:46:28
Путин ака келсин 9майга Биздин деле салымыбыз бар женишке чакыргыла
0
tsunse
2021-05-06 13:54:23
Былтыр биздин чиновниктер барып уят болушкан го. Бироонон ковид аныкталса баарын катыштырбай койгон.
+4
Kadyrova_
2021-05-06 16:50:47
Айланайын элим мине соз чыкса тетири жака божомолдобойлучу булда куноо.Алла коруп турат баарына сабыр канаат кылалычы.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан