АКШнын президенти Жо Байден менен Орусиянын лидери Владимир Путиндин жолугушуусу Чехиянын борбору Прага шаарында өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, саммит Исландияда, Словенияда же Азербайжанда өткөрүлүшү мүмкүн.
Буга чейин, 14-апрелде Чехиянын премьер-министринин биринчи орун басары, ошондой эле өлкөнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Ян Гамачек Прага Орусия менен АКШ президенттеринин саммити үчүн аянтча берүүгө даяр экендигин билдирген. Бул билдирүү Орусия менен Чехиянын ортосунда дипломатиялык жаңжал чыккандан бир нече күн мурун айтылган.
Ошондой эле Финляндия Путин менен Байдендин жолугушуусу үчүн аянтча берүүгө даяр экендигин билдирди.