Биз социалдык тармакта

Мэрия Бишкекте Орозо айт намазын өткөрбөөнү сунуштады

Мэрия шаардагы эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен Орозо айт намазын өткөрбөөнү сунуштады. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин орун басары Айнагүл Рыскулбекова брифинг учурунда билдирди.

"Бишкек шаарынын мэриясы коронавирус жугуштуу оорусунун алдын алуу үчүн төмөнкү чараларын сунуштайт: Эл көп чогулуучу оюн-зоок программалары, ар кандай мааракелер, салтанаттуу үлпөттөр, орозо учурундагы ооз ачуулар жана башкаларды чектөө. Ооз ачууну өткөрүүдө залдын 50 пайызын гана толтурууну камсыз кылуу жана социалдык аралыкты сактоо менен отургузуу, убакытты чектөө.

Жума намазын мечитте жамаат менен окууга тыюу салынат. Эпидемиологиялык абал турукташканга чейин ооз ачуудан кийинки таравих намазына топтолбой үйдө окуу сунушталат. Чыңалып турган эпидемиологиялык кырдаалга жакында өтүүчү көп сандаган эл чогулчу айт намазын өткөрбөө сунушталат. Жеңиш күнүн белгилөө сөзсүз түрдө эпидемиологиялык абалды эске алуу менен чечилиши керек", - деди Рыскулбекова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Isk..
2021-05-06 10:47:43
андан коро кафе ресторанды жапкыла.намаз коп созулза 30минут болот анан эл таркайт.
+2
Urmat78
2021-05-06 10:57:16
Эмне эле динге асылып калышкан баары.Оору башка жактан жукпай намаз окуса мектепке барса жугабы.Мектеп болбой балдар мурда билгендерин унутуп калыштыго.Онлайн дегени жон эле китепти карап айтып берип коёт аны дагы кээде
+1
Dalil
2021-05-06 11:32:03
Автобустарды кобойтуп коомдук транспортто да аралык сактагандай кылгыла анда. Маршруткада эл бири бири менен жармашып эле кетишет. Ага эмне дейт. Же коомдук транспортто жукпайбы
0
bulathan
2021-05-06 13:40:48
Оо кудай, митинг той болуп жатат намазды жайына эле коюшсун айтып койгулачы мэрияга
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан