Ошто баткендик жаран баңгизат менен кармалды

Ош шаарында милиция кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз баңгизат алып жүргөн Баткен облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрь күнү Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 17-октябрь күнү 16:30дарда Ош шаардык Баңгизатынын мыйзамсыз айланышына каршы күрөшүү бөлүмү тарабынан 39 жаштагы Баткен облусунун тургунун текшерүү учурунда жанынан 482 грамм баңгизат табылган. Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
kanybek78
2013-10-22 09:30:21
ал ким экен
0
inoplanetyanin
2013-10-22 10:02:05
janylygynar pravokaciya jyttangandai
0
Mirbek.83
2013-10-22 10:10:02
Аты жонун жазып толук маалымат берген эмес кармалган адам тууралуу жакшылап суйлошсо когунон берсе чыгарабыз дегенго.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан