Бишкекте 2016-жылдан бери Азиза Талипбек кызы дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
30-май күнү Октябрь РИИБине шаар тургуну арыз менен кайрылып, 1995-жылы туулган эжеси Азиза Талипбек кызы дайынсыз болуп изделип жатканын айтып, арыз менен кайрылган.
Ал 2016-жылдын апрель айында 11-кичи райондогу көп кабаттуу үйлөрдүн биринен чыгып кетип, кайра кайтып келген эмес.
Өзгөчө белгилери: Бою 175 сантимтер, чачы күрөң, дене түзүлүшү толугураак. Оң көзүнүн астында мең жана сол ийининин асты жагында тырыктары бар.
Кимде-ким бул кыз боюнча маалыматтары болсо төмөнкү номерлерге чалып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.
Байланыш телефону: 0557 28-96-89, 0312 54-41-84 жана 102.