Колумбиянын борбору Богота шаарында уланып жаткан нааразычылык акциялары учурунда коронавирустук диагностика жана эмдөө борборлору ишин токтотту. Бул тууралуу Колумбиянын саламаттыкты сактоо министри Алехандро Гомеске шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.
"COVID-19 ПЦР диагностикалык пункттарын, ошондой эле акыркы күндөрү биздин сыймыгыбыз болгон эмдөө пункттарын жабууга буйрук бердим. Учурдагы шарттар жумуш күнүн биз каалагандай улантууга мүмкүнчүлүк бербейт", - деп билдирген министр.
Мындай чечим шаар бийлиги тарабынан шаардын жүргүнчү ташуучу автобустарынын токтоп калгандыгына байланыштуу демонстранттар шаршемби күнү шаардын TransMilenio тутумунун жолдорунун кыйла бөлүгүн жаап салгандан кийин кабыл алынган.