Бүгүн, 6-майда Болгариянын борбору София шаарында "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына тандап алуу боюнча дүйнөлүк лицензиялык турнир старт алат.
Бул турнирге Кыргыз өлкөсүнүн атынан жалпы 7 балбан катышат жана бүгүн эркин күрөш боюнча 4 кыргыз балбаны килемге чыгат.
Килемге чыга турган балбандардын тизмеси:
57 килограмм салмакта: Педро Хесус Межиас Родригуэс (Венесуэла) - Алмаз Сманбеков;
74 килограмм салмакта: Магомедхабиб Кадимагомедов (Беларусь) - Арсалан Будажапов;
86 килограмм салмакта: Пётр Янулов (Молдова) - Саякбай Усупов;
125 килограмм салмакта: Сумит (Индия) - Айаал Лазарев
Учурда эркин күрөш боюнча Кыргыз улуттук курама командасында Олимпиадага бир жолдомо бар.