Ошто атылган октон Жол кайгуул кызматынын кызматкери каза болду

21-октябрда Ошто ооруканада Шаардык ички иштер башкармалыгынын Жол кайгуул кызматынын кызматкери атылган октун айынан каза болду. Бул тууралуу Ош облусунун Шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди. Тактай келгенде, ок тийген адам 1980-жылы туулган Дамир Мойдунов болуп чыккан. Ал ооруканага келип түшкөн соң операция жасалган. Өзүнө келгенде болуп өткөн окуя тууралуу көрсөтмө берген. Анын айтуусуна караганда, ал машинада отурганда капыстан өзүн курсакка атып алган.

20-октябрда жабырлануучуга 2-операция жасалган, бирок ал жашап кете алган жок.

Мойдуновдун иштеген жеринен маалымдагандай, ал ишке 2013-жылы 10-сентябрда орношкон. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Shai
2013-10-22 09:44:37
Жиндиго кандай эле ошондой болсун. Бирок кырсык деп коетко. Пистолети октолуп бассан эле атыла турган кылып анан салып алганго ээ. Же жаш балдарга окшоп ойноп отуруп атылганбы. Служба кылбаганда жанакы 1 айлык кызмат отогон болуш керек. Бечаара не дейбиз жайы жанната болсун.
0
acer11
2013-10-22 10:36:48
Жумушка жаны эле кирип пистолетти ойноп отурганго тажрыйба жок да, жайы жанната болсун
0
acer11
2013-10-22 13:18:53
Мен угушума караганда жанындагы тергооч кыз аткан экен озун озу атпаптыр.
0
kaniet
2013-10-22 11:00:37
Начальниктери нормально инструкция бербеген да эси дарты акчада да, кечинде канча тушот экен деп
0
Akyl.UM.kg
2013-10-22 11:30:26
МАИ тармагындагы реформанын жыйынтыгы.куралын кандай алып журууну билбейт.Армияга деле барган эмеско,сатып алгандын пайдасы озунун башын жеди окшойт.жаткан жери жайлуу болсун
0
ilgez
2013-10-22 12:24:26
башка маалымат булактарында бул бала бывщий спецназовец деп журот, негедир ишене албадым. Табелдик куралды ойномок тургай, чехолдон чыгарганга мумкун эмес беле???
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан