
Кыргыз Республикасынын жана Казакстандын чектешкен аймакта жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 6-май күнү саат 13:07де Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Кыргыз Республикасынын жана Казакстандын чектешкен аймагында очогунда күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Түп районунун Каркыра айылында 5 балл, Кең-Суу, Корумду, Чоң-Таш, Байзак айылдарында 3 балл, Жети-Өгүз районунун Көк-Жайык айылында 4 баллга чейин сезилген.
Алдын ала алынган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.