Болгария: Арсалан Будажаповдун Софияда күрөш алдындагы сүрөтү жарыяланды

Бүгүн, 6-майда Болгариянын борбору София шаарында "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына тандап алуу боюнча дүйнөлүк лицензиялык турнир старт алды.

Бүгүнкү мелдеште эркин күрөш боюнча 4 кыргыз балбаны килем үстүнө чыкмак. Тилекке каршы, Айаал Лазарев жана Саякбай Усупов алгачкы жүрүштөрүндө эле жеңилишти. Ал эми Арсалан Будажапов жана Алмаз Сманбековдор килем үстүнө чыга элек.

Дүйнөлүк күрөш уюму өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына бүгүн килемге чыга турган 8 балбандын даярдык көрүп жаткан сүрөтүн жарыялады. Анын ичинен кыргыз балбаны Арсалан Будажаповду дагы көрүүгө болот.

Арсалан Будажапов алгачкы жүрүшүндө Беларусь балбаны Магомедхабиб Кадимагомедов менен кез келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан