Бүгүн, 6-майда Болгариянын борбору София шаарында "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына тандап алуу боюнча дүйнөлүк лицензиялык турнир Бишкек убактысы боюнча саат 13:00дө старт алды.
Мелдешке 74 килограмм салмакта катышкан кыргыз балбаны Арсалан Будажапов алгачкы жүрүшүндө эле беларустук Магомедхабиб Кадимагомедовго 5:1 эсебинде жеңилип, "Токио-2020" жайкы Олимпиадага баруу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарды.
Биринчи күндүк мелдеште "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына 12 жолдомо ойнотулууда. Жолдомо утуш үчүн балбандар финалга чыгышы керек.