Бүгүн, 6-майда Болгариянын борбору София шаарында "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына тандап алуу боюнча дүйнөлүк лицензиялык турнир Бишкек убактысы боюнча саат 13:00дө старт алды.
Мелдешке эркин күрөш боюнча 57 килограмм салмакта катышкан кыргыз балбаны Алмаз Сманбеков алгачкы жүрүшүндө венесуэлалык Педро Хесус Межиас Родригуэс менен кез келди. Каршылашы алгачкы мүнөттөрдө бир топ активдүү болуп, кооптуу ыкмаларды жасоого жетишти. Өз кезегинде кыргыз балбаны атаандашын укмуштуудай ыкма менен көтөрүп чаап, артына өтүп, 8 упай ала алды. Муну менен жалпы эсеп 10:0 болуп, кыргыз балбаны мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетти.
Венесуэлалык балбандын мыкты даярдыкта, өтө чапчаң жана күчтүү экени даана байкалды. Бирок кыргыз балбаны андан күчтүү экенин килем үстүндө тастыктады.