Испаниянын "Реал Мадрид" футболдук клубунун бельгиялык чабуулчусу Эден Азар жайында клуб менен коштошушу мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, "Реал Мадрид" клубу 30 жаштагы Эден Азарды жайкы трансферге койгон.
Кечээ, 6-майда Чемпиондор Лигасынын жарым финалында "Реал Мадрид" "Челси" клубуна 2:0 эсебинде утулуп, турнирден четтеп калган. Оюндан кийин Эден Азар мурунку командалаштары менен, тагыраагы "Челси" клубунун оюнчулары менен күлүп сүйлөшкөнү түз эфирге түшүп калган. Анын бул жоругу испаниялык клубдун күйөрмандарынын нааразычылыгын жараткан.
Эден Азар "Реал Мадрид" клубуна "Челси" клубунан 2019-жылдын жай айында 100 миллион евродон ашык суммага өткөн.