Биз социалдык тармакта

"Жарылбай калган снаряддар табылса тийбегиле". Коргоо министрлиги тажик тараптын жарылбай калган ок дарыларын чогултууда

Кыргыз-тажик чек арасындагы окуя учурунда жана тажик тараптын артиллерияны колдонуусунун натыйжасында Баткен районундагы бир катар калктуу конуштардын аймагынан жарылбай калган снаряддар табылды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-майдан баштап Коргоо министрлиги аталган заттарды зыянсыздандыруу жана жок кылуу боюнча атайын жумушчу топ түзүп, ага Куралдуу күчтөрдүн генералдык штабынын Инженердик башкармалыгынын инженерлери тартылган.

Аталган жумушчу топ Баткен жана Лейлек багыттарында, тактап айтканда, Максат, Кулунду, Карабак, Кызыл-Бел, Достук, Миңбулак, Самаркандек, Ортобоз, Көк-Таш, Аксай жана башка бир катар айылдарда иш жүргүзүшүүдө.

"Генералдык штабдын Инженердик башкармалыгынын өздүк курамы жергиликтүү тургундар менен жардыргыч заттардын жана жарылбай калган снаряддардын коркунучу жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эгер табылса аларга тийбестен токтоосуз атайын миналарды тазалоо боюнча адистерге дароо кабарлоосун суранат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nurgazy.kanykei.abuw
2021-05-06 21:13:46
ушунчалык боевой даярдык менен атышса дагын карап тургандарга тан каламда жеп жутарлар
+3
Mister-XXX
2021-05-06 21:57:03
Кудайдын буйругу менен көптөгөн снаряддар орозо учурунда жарылбай калганын кара...
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан