Германияда калктын 30 пайыздан ашыгы коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Германияда 25 миллион 451 миң 513 адам же калктын 30,6 пайызы жок дегенде бир доза вакцина менен эмделди. Толугу менен иммундаштырылган 7 145 486 адам же калктын 8,6 пайызы. Өткөн суткада өлкөдө коронавируска каршы 1 092 765 эмдөө жүргүзүлдү, анын 888 миңге чукулу биринчи эмдөөнүн алкагында, 204 500гө жакыны - экинчи (же толук) эмдөө алган.
Эң натыйжалуу вакцинация борборлору жана жеке медициналык жайлар 28-апрелден тартып иштеп, ошол күнү 1 миллион 116 миң 608 эмдөө жасалган.