Филиппинде эми бет кап тагынбагандар жана бет капты туура эмес тагынгандар полиция кызматкерлери тарабынан кармалат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Филиппиндин президенти Родриго Дутерте полиция кызматкерлерине бет кап тагынбагандарды кармоо боюнча буйрук берди.
Тактап айтканда, президенттин буйругу беткапты туура эмес тагынгандарга дагы тиешелүү - алар мурдун жана оозун жаап турбастан, ээгине түшүрүшөт.
"Бул биздин өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн маанилүү. Эч кимге жуктурбашыбыз керек жана өзүбүзгө да жуктурбоо зарыл", - деп белгилеген өлкө башчысы.
Филиппинде пандемия башталгандан бери 1 миллиондон ашык адам коронавирусту жуктуруп, 17 миңден ашуун адам көз жумган.