Токио олимпиадасынын катышуучулары кайсы вакциналар менен эмделе турганы белгилүү болду

Эл аралык Олимпиада комитети Япониянын Токио шаарында 2021-жылы өтө турган Олимпиада оюндарынын катышуучулары үчүн вакциналарды тандап алды. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Эл аралык Олимпиада комитети Токиодогу Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндардын катышуучулары вакциналардын эки түрү - Pfizer жана BioNTech менен коронавируска каршы эмдөөдөн өтө аларын билдирди.

"Бул оюндарды өткөрүү учурунда гана коопсуз чөйрөнү камсыз кылуу үчүн эмес, Япониянын элин урматтоо максатында жасалып жатат", - деп билдиришкен аталган комитеттен.

Олимпиадалык жана паралимпиадалык оюндар Токиодо 2020-жылы жайында өтүшү керек болчу. Бирок коронавирус пандемиясынан улам 2021-жылдын жай мезгилине жылдырылган, тагыраагы, 23-июлдан 8-августка чейин өтөт деп пландалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
alisherchik
2021-05-07 00:20:31
Pfizer/Biontek бир эле вакцина. Бионтек чыгарат, файзер таркатат. Эки башка вакцина эмес.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан