"Реал Мадрид" клубунун башкы машыктыруучусу Зинедин Зидан командасын жетектөөдөн чарчады. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыгышты.
"Оюнчулардын айтымында, Зидан 2022-жылга чейин түзүлгөн келишимге карабастан өз кызматынан кетүүгө ниеттенүүдө. Белгиленгендей, 48 жаштагы машыктыруучу коронавирус пандемиясынын кесепетинен акыркы бир жыл бою аткарууга аргасыз болгон күнүмдүк иш-чарадан тажады. Айрыкча, ал машыгууну аралыктан өткөрүүнү жактырган жок", - деп жазылат маалыматта.
Зинедин Зидан 2019-жылдан бери падышалык клубду жетектеп келет. Ага чейин ал 2016-2018-жылдары командада иштеп, үч жолу катары менен Чемпиондор Лигасында жеңишке жетишкен. Оюнчу катары Зидан "Бордо", "Ювентус" жана "Реал Мадрид" клубдарында ойногон.
Буга чейин "Реал Мадрид" клубун Зинедин Зидандан кийин Рауль Гонсалес машыктырат деген маалымат айтылган.