Нөшөрлүү жаандан кийин Даңги тараптагы жылгалардан сел жүрүп, Ак-Буура дарыясынын суусу ылай болуп калган.
Мындан улам Ош шаарында таза суу берүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы кабарлады.
"Суу тунугандан кийин гана ичүүчү суу бериле турганын эскертебиз. Ош суу чарба ишканасы жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууну суранат", - деп айтылат маалыматта.