Аламүдүндө издөөдө жүргөн жаран кармалып, жанынан баңгизаты алынды

Чүйдүн Аламүдүн районунда издөөдө жүргөн жаран кармалып, жанынан баңгизаты алынган. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Аламүдүн РИИБи тарабынан 42 жаштагы И.К. аттуу жаран издөөдө жүргөн. Ал 2019-жылы "баңгизат каражаттарын мыйзамсыз даярдоо" боюнча соттолуп, ага карата 2 жылга пробациялык көзөмөл колдонулган. Жогорудагы жаран пробациялык көзөмөлдүн талаптарын бузгандыктан, ага карата издөө жарыяланган.

Ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде жогорудагы жарандын жүргөн жери аныкталып, милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Аны текшерүү учурунда кийиминин чөнтөгүнөн жашыл түстөгү баңгизатына окшош зат табылып, жалпы салмагы 11 граммды түзгөн. Алынган затка экспертиза дайындалган.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Териштирүү иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан