Чүйдүн Ысык-Ата районунда алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 12-апрель күнү Ысык-Ата РИИБине 1967-жылы туулган С.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылып, март айында чала таанышы анын ишенимине кирип, 38 тонна 200 килограмм кумшекерин алып, 2 жарым миллион сомдон ашык акча берүүнү убада кылып, ошол боюнча из жашырып жүргөнүн билдирген.
Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында, дагы ушул сыяктуу арыз менен 1987-жылы туулган жаран кайрылып, ал 600 миң сом материалдык зыян тартканын билдирген.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмыштарга шектелип 1993-жылы туулган К.Н. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда кармалган жарандын дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендиги боюнча ыкчам тегөө иш амалдары жүргүзүлүүдө.