Түптө БМВ бакты сүзүп, айдоочу ошол жерден каза болду. Дагы 18 жаштагы 3 бала ооруканада

Ысык-Көл облусунун Түп районунда 7-май күнү саат 00:57 чамасында БМВ-525 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдун жээгиндеги бакты сүзгөн. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен 2003-жылы туулган эркек киши каза болуп, дагы 18 жаштагы үч бала ар кандай жаракаттарды алышкан.

Жол кырсыгы катталган жерге ӨКМнын куткаруучулары тартылып, каза болгон жарандын жансыз денесин чыгарып "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркагандар райондук ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан