Бишкекте бүгүн, 7-майда саат 09:30 чамасында 7-Апрель жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинен Тойота Эстима менен маршруттук таксинин катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Кырсыктын кесепетинен 3 жаран жабыркап "Тез жардам" унаасы менен ооруканага жеткирилген.
Азыркы учурда жол кырсыгы катталган жерде милициянын кайгуул кызматы иш алып барып жатат.