Буга чейин Чүйдүн Лебединовка айылынан 1995-жылы туулган Изат Курбанова уурдалганын Чүй ОИИББинин маалымат кызматы кабарлаган. Кийинчерээк аны уурдаганга шектелген 1997-жылы туулган Абдумалик Мамаяров изделип жаткандыгы белгилүү болгон.
Бүгүн, 7-майга карата кызды издөө иштери улантылып жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.
"Издөө иштери бүгүн дагы улантылууда, табылгыча изделе берет. Милиция кызматкерлери иш алып барууда", - деп билдиришти облустук милициядан.
Эске салсак, 6-майга караган түнү болжол менен саат 02:00 чамасында Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 2001-жылы туулган кыз арыз менен кайрылган. Анда 5-май күнү болжол менен саат 23:00 чамасында белгисиз жарандар Лебединовка айылында жайгашкан соода түйүндөрүнүн биринин алдынан арыз ээсинин эжесин Тайота-Эстима үлгүсүндөгү унаага салып, белгисиз тарапка уурдап кеткендигин жазган.
6-май күнү кечинде социалдык тармактарда уурдалды делген Изат Курбанова өз эрки менен кеткендигин айтып, ата-энесине кайрылуу жасаган видео тараган.
"Менде баары жакшы, кабатыр болбогула. Мен туура эмес кылдым, бирок, апа, мен аны кандай сүйөрүмдү сен билесиң да. Абдумалик мени уурдаган жок. Мен өз каалоом менен кеттим. Мени кечиргиле", - деген ал өз кыйрылуусунда.