Жалал-Абадда күчү 2 баллдык жер титирөө катталды

 21-октябрдан 22-октябрга караган түнү саат 03:06да Жалал-Абад облусунда күчү 2 баллдык жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. КРнын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун ыкчам билдирүү кызматына ылайык, зилзала очогу Чоң-Арык айылынан 4 чакырым түштүк-батышта жана Токтогул кыштагынан түндүк-батышты көздөй 20-чакырымда катталган. Жер титирөө Чоң-Арык жана Кырк-Казык айылдарында билинди. Алдын ала маалыматтар боюнча курмандыктар жана кыйроолор болгон жок. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан