Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында 14 жаштагы өспүрүм асынып алды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аны 6-май күнү саат 14:00 чамасында короодон жакындары табышкан.
Бул факты Ысык-Көл РИИБинде маалыматтын электрондук журналына катталып, ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барган.
Жансыз денеге кароо жүргүзүү учурунда күч колдонуу белгилери аныкталган эмес. Ошондой эле өспүрүмдүн атасы жана бир туугандары эч кимге арыз-доосу жок экенин билдиришип, соттук-медициналык экспертизага берүүдөн баш тартышкан.
Анын ата-энеси мындан 3 жыл мурун ажырашып кетип, балдар атасында калган. Учурда тергөө иш амалдары жүрүүдө.