СУПЕРСТАН: "Күйөө сатам, ким алат?"

"Суперстандын" "Жүрөк сыры" бөлүмүнө "Күйөө сатам, ким алат?" деген аталыштагы окуя жарыяланган.

Автор: "Аман экөөбүз бир айылданбыз. Ал жогорку окуу жайды аяктаган билимдүү жигит эле. Бири-бирибизди жактырып баш коштук. Аман мектепте иштечү. Анын тапкан акчасы менен күн кечирип, баарына жеткирип беш балалуу болдук. Жашообуз элдин асты болбосо деле, элден артта калбай тирилик өткөрдүк. Мектепте жакшы мугалим болгондуктан, бат эле көтөрүлүп окуу завучу, андан кийин мектеп директорлугуна көрсөтүлдү. Амандын иши алга жылып, балдарыбыз чоңоюп, жашообуз кызыктуу өтө баштады. Мектепке директор болгонуна эки жыл айланганда чоң класстын балдары мушташып, жакшы иштей албагандыгы үчүн Аман сөгүш алды да, өз каалоосу менен иштен кетип, үйдө отуруп калды.

Ара чолодо ар түрдү иштерди жасап акча тапканы мага жакпады. Мен иштемек болдум. Кичүү эгиз уулдарым колумда эле. Аны Аманга каратып коюп, "Дордой" базарында иштеген классташ кызымдан товар подрял алып, башка бир базарга сата баштадым. Барган сайын ишим алга жылды. Контейнер сатып алдым. Киреше Кудайга шүгүр. Улам акча көбөйгөн сайын, пейилим өзгөрдү. Каада күттүм. Үйгө барсам Аман тамак жасап, үй ичинде отурганы жинимди келтирчү болду.

Бир күнү Аман иш тапты. Маянасы сегиз миң сом экен. Мага жакпады. Үйдө отур, мен балдарды караганың үчүн он миң төлөп берем деп отургузуп койдум. Ошол болду, Аман үйдө отуруп калды. Мен болсо контейнерлерди көбөйтүп, бир топ байып кеттим. Эри бар эле деген аты болбосо, Аманды киши ордуна көрбөй калдым. Өзүмө окшогон базарчы досторду таптым күндө майрам, күндө той. Кыялымда акча тапкан киши ушундай болот десем керек.

Бир күнү базардан маанайым жок бардым. Аман тамак жасап мени күтүп жатыптыр, балдарым сейил бакка эс алганы кетишиптир.

- Айнур, апам ооруп жатат экен шаарга алып келип каратсак кантет? деди Аман батына албай.

- Ооруса эмне, сенден башка баласы жокпу? Же сен акча таппасаң, деп бурк эттим.

- Сен акча тапканыңдан баштап өзгөрдүң.

- Сен деле таба бер. Же сен тапкан акчаны мен талаштымбы, — дедим. Ичимдеги көптөн бери жүргөн кыжырымды чыгардым. Ошол күндөн баштап жолдошумду урушууну адатка айланттым. Ал кыялыма көнүп деле калды көрүнөт, кагып-силксем унчукпай кутулчу адат тапты. Жашообузду башка нукка бурган окуя болбогондо, балким, үй-бүлөбүз бузулбас беле... Окуядан дагы бузулууга өзүм шарт түздүм көрүнөт.

Шаарда жашаган классташ кыздар шерине ойночубуз. Адаттагыдай шеринеде Айдай деген классташ кызыбыз Москвадан келе жатканын кеп салып отурдук. Эмки шеринени Айдай келгенде өткөрүүнү кеңешип тарадык.

Бир күнү "Айдай шаарга келиптир, шеринени өткөрсөк кантет?" - деп Марзия мага телефон чалды. Шерине өткөрүү менин кезегим болгону үчүн макул болдум. Шаардагы мен деген элиталык ресторандардын бирине өткөрүүнү чечтим. "Майда-чүйдө көтөргөнгө жардам бер" деп жолдошумду ээрчитип алдым. Курбуларым келгенче столдорду жасатып, күтүп калдык. Көп өтпөй кыздар чогуу кирип келишти. Кучак жайып тостум. Кетүүгө кам урган Аманды курбуларым "биз менен чогуу тамактан" деп калтырып коюшту. Кече шаңдуу өтүп жатты. Бөтөлкөлөр биринин артынан бири бошоп, ортодо сөздөр көбөйдү..."

Толугу менен окуу үчүн бул жерди басыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан