Эртең, 8-майда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Ош, Ысык-Көл, Нарын облусунун кээ бир райондорунда, тоолуу аймактарында жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын аймактарында жаан жаайт.

Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28 градус;
Талас облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +24…+29;
Ысык-Көлдө түнкүсүн +9…+14, күндүз +17…+22;
Нарын облусунда түңкүсүн +8…+13, күндүз +17…+22 градус жылуу.
Бишкек шаарында 8-майда түнкүсүн жана күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +13 … +15, күндүз +26 …+ 28.