Биз социалдык тармакта

Президенттин администрациясы түзүлдү

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, 11-апрелдеги референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) кабыл алынган Конституциянын негизинде президент менен өкмөттүн мурунку аппараттарынын базасында президенттин администрациясы түзүлдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ошондой эле мамлекет башчысынын жарлыктары менен:

  • Сүйүнбек Касмамбетов - президенттин администрациясынын жетекчиси болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;
  • Медербек Сатыев президенттин администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;
  • Бектур Зулпиев Рысбаевич - президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;
  • Жеңишбек Асанкулов президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
rysik79
2021-05-07 15:53:42
Буйруса Кыргыздын жаңы тарыхы жазылып башталды бисмилла деп абайлап таза иштегиле эмесе көрдүңөр аягы жаман менен бүтүп калат.
+5
talas0707
2021-05-07 16:11:52
Колдойм бирок 3 орун басар керекпи?
+1
NURSAPAR
2021-05-07 18:26:17
Кудайым колдоп, элибизге ак иштеп бергиле. Кас санаган пас болсун. Айткан убадаңардын өтөсүнөн чыккыча. Буюруса Кыргызстан оңолот. Жакшы ниет кылалы мекендештер
0
Jelezo
2021-05-08 12:10:06
Премьер министр жоюлуп аппарат жетекчиси өкмөттү жетектейт деп айты эле кайра кайттыбы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан