Орусияда 12 Кыргыз жараны жумуш учурунда ууланды

Орусиянын Углегорск шаарында жумуш учурунда ууланган 12 Кыргыз жаранынын абалы жакшы. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, уулангандар "Оргэнергострой" институтунун Углегорск филиалында иштешет. Кыргыз жарандарынын массалык түрдө уулануу фактысы боюнча элчиликтин Южно-Сахалинск шаарындагы канцеляриясынын консулу "Углегорск" борбордук аймактык ооруканасынын жетекчилиги менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүдө медициналык мекеменин жетекчилиги Кыргыз жарандарына керектүү процедуралар өз убагында көрсөтүлүп, ооруканага жаткырылганын тастыктады. Учурда ооруканага жаткырылган жарандардын ден соолугуна зыян келтире турган коркунуч жок болгондугуна байланыштуу үйлөрүнө чыгарылган.

Андан ары териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн бардык материалдар Углегорск шаарынын прокуратурасына жана Сахалинск облусунун Роспотребнадзор башкармалыгына өткөрүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
raykray
2021-05-07 18:30:56
12 Кыргыз жараны 2 тажик ууланыптыр ?!.
Экинчи жаздым, биринчи очуп калыптыр...
Эмнеге???
0
Kombi
2021-05-08 12:10:03
Бирдеме Кошкон окшойт пи.р
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан