"Түшкөн каражат Баткенге жардам катары берилет". Нурлан Насип Москвада концерт берет

Ырчы Нурлан Насип 15-16-17-май күндөрү Москва шаарында чоң программадагы шоу-концертин тартуулайт. Концертте 10 жылдык, 20 жылдык бүтүрүүчүлөргө атайын чоң программа тартууланат. Бул тууралуу ырчы социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

"Урматтуу мекендештер! 15-16-17-май күндөрү чыгармачылык кече уюштуруп, Москва шаарына барам. Келип көңүл ачып кетиңиздер. Сиздер үчүн атайын эски хит чыгармаларды жана жаңы жазылган ырларды аткарып көңүлүңүздөрдү көтөрүүгө аракет кылам. Концерттин жүрүшүндө баалуу белектер ойнотулат. Концерттен түшкөн акча Баткендеги жаңжалда жабыркагандарга жөнөтүлөт", - деди ырчы.

Нурлан Насип кечеге Ильяз Кудретов жана Самат Уланбеков конок болорун кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Alixan-Nookat.2015
2021-05-07 18:56:11
Азаматсың!
+4
KaGaH
2021-05-07 20:36:01
Бул жакта мигранттар зорго жүрөт,рейд болуп атат,тем более эпидемиялык абал бар, концерт менцертинди токтотуп турсаң болмок,жаштар эле барбаса улуу муун барбаса керек
0
Dembele84
2021-05-07 20:46:51
KaGaH,Сен барбасан барчулар толтура да,Иштен чарчап эс алайын дегендер.А пандемияга запрет жок,орустар деле концерт коюп журушот!
-2
Egizderim-baktim
2021-05-07 22:24:14
Dembele84,Туура айтасыз бармакмын мен дагы, бирок башка шаардамын даа
-1
KaGaH
2021-05-08 08:39:05
Dembele84, сөз жок
+1
al-abu-kinesz
2021-05-07 22:28:14
Откондо (согуш учурунда) Москвада концертиме келгиле деп жадырап жайнап видео кайрылуусун коруп итиркейим келди эле. Эмне ошондо сразу эле кайрымдуулукка деген жоксун? Азамат деп ыраазы болмок элем.. Же элдин сыны концерттин максатын буруп койдубу?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан