О! Мобилдик оператору байланыш сапатын жакшыртууга инвестициялоону улантууда

7-май – бардык байланыш чѳйрѳлѳрүнүн кызматкерлеринин күнү, бирок О! Мобилдик операторунун командасы бул күнү дагы иштейт. Камтуу аймагын кеӊейтүү жана түйүндүн сапатын жакшыртуу боюнча техникалык иштер күн сайын, кээде дем алышсыз, жумуш сааттарынан тышкары убактарда, майрам күндѳрү, ал тургай күнү-түнү жүргүзүлѳт.

Жалпы байланыш, телевидение жана радиоберүү чѳйрѳлѳрүнүн кызматкерлерин кесиптик майрамы менен чын жүрѳктѳн куттуктайбыз! Бүгүнкү күндѳ экономиканын байланыш кызматтарын пайдаланбаган бир дагы тармагы жок. Кыргызстанда О! түйүнүнүн эксперттерин кошкондо, эӊ алдыӊкы санарип жана маалымат технологиялары кеӊири жайылып жана ѳнүгүп жаткандыгы кубандырат.

Ѳлкѳнүн электрондук коммуникациялар чѳйрѳсүндѳ чыныгы кесипкѳйлѳр, жоопкерчиликтүү жана чыгармачыл адамдар эмгектенишет. Жалпыӊарга чыӊ ден соолук, аманчылык, бактылуу жашоо, оомат жана бардык кесиптик пландарыӊардын ийгиликтүү ишке ашышына тилектешпиз!

Ошол эле учурда О! Мобилдик оператору ѳзүнүн лидерлик абалын бекемдеп, 4G LTE түйүнүн курууга инвестиция жумшоону жана ѳлкѳ боюнча 4G/3G/2G түйүндѳрүнүн сыйымдуулугун жогорулатууну улантууда. Жакында эле республиканын дагы 120дан ашуун калктуу пунктунда 4G LTE модернизациялоо иштери аткарылды:

  • Чүй облусу: Бишкек, Токмок, Кант, Кара-Балта, Токмок, Шопоков шаарларында, «Акыл-Ордо» конушунун аймагында, Новопавловка, Новопокровка, Шабдан, Кызыл-Октябрь, Алтымыш, Күрпүлдѳк, Мраморное, Беш-Терек, Чолок-Арык, Шалта, Сокулук, Романовка, Дружба, Гидростроитель, Дмитриевка, Нижняя Серафимовка, Ивановка, Туз, Чоӊ-Даалы, Жайылма, Люксембург, Первомайское, Нурманбет, Онбир-Жылга, Жаӊы-Жол, Ленинское, Гроздь, Алексеевка, Кызыл-Суу, Алмалуу, Подгорное, Петровка, Чалдыбар, Панфиловское, Полтавка, Военно-Антоновка айылдарында;
  • Ысык-Кѳл облусу: Кожояр, Тосор, Ананьево, Ак-Чий, Зындан, Ичке-Жергез, Сары-Камыш, Тогуз-Булак, Түп, Тамчы, Кара-Ой, Баетовка, Жети-Ѳгүз, Кара-Коо айылдарында;
  • Талас облусу: Кызыл-Адыр, Кара-Арча айылдарында;
  • Нарын облусу: «Кара-Кече» кѳмүр кесиминде, Кѳк-Ой, Куйручук, Учкун, Терек, Жергетал, Таш-Дѳбѳ айылдарында;
  • Жалал-Абад облусу: Жалал-Абад, Кара-Кѳл шаарларында, Шамалды-Сай шаарчасында жана Ала-Бука, Массы, Октябрьское, Благовещенка, Кара-Жыгач, Кара-Дѳбѳ, Согот, Кѳк-Алма, Кызыл-Туу, Кара-Булак, Жоон-Күнгѳй, Тѳш, Калмак-Кырчын, Сары-Булак, Кара-Алма, Таран-Базар, Гумхана айылдарында;
  • Ош облусу: Ош, Кара-Суу, Ѳзгѳн шаарларында, ошондой эле Жаӊы-Жол, Ай-Тамга, Таш-Короо, Таштак, Таш-Булак, Катта-Тал, Жаӊы-Ноокат, Чангет, Саламалик, Ак-Терек, Араван, Кесов, Арап, Тепе-Коргон, Ѳзгүр, Нариман, Большевик, Калинин атындагы, Коммунист (Жаӊы-Кыштак), Кызыл-Байрак, Таш-Арык, Жар-Ооз, Кеӊ-Сай, Эркин, Октябрь, Гайрат, Таштак, Ай-Тамга, Куршаб айылдарында;
  • Баткен облусу: Кайтпас, Кон, Үч-Коргон, Таш-Коргон, Кара-Дѳбѳ айылдарында.

Камтуу картасы жана О! түйүнүнүн ѳнүгүүсү жѳнүндѳ регулярдуу жаӊылыктар www.o.kg сайтында жеткиликтүү. Биз менен Facebook, Instagram, «Одноклассники», «ВКонтакте», YouTube же Twitter социалдык тармактарынан жеке билдирүүлѳр аркылуу байланышууга болот. Социалдык медиалардан тышкары, О! абоненттерине күнү-түнү колдоо кѳрсѳтүү кызматы WhatsApp: + 996 705 700 700, Telegram: @Nurtelecom_bot жана www.o.kg сайтында онлайн-чат аркылуу кѳрсѳтүлѳт.

О! Мобилдик оператору ѳлкѳнүн 99 пайыздан ашык калкы жашаган камтуу аймагында 4G/3G/2G түйүндѳрүнүн камтылышы жана сыйымдуулугу боюнча Кыргызстандын лидери.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан