Германия коронавирустун үчүнчү толкунун жеңгенин жарыялады

Германиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Йенс Шпан пандемиянын үчүнчү толкунун жеңгенин жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, саясатчынын айтымында, Германияда эпидемиологиялык кырдаал жакшыртылды, бирок инфекциянын жайылышы дагы деле болсо жогорку деңгээлде болгондуктан ушуну менен токтоп калбоо керек. "Үчүнчү толкун токтоп калды окшойт" деген спикер.

Учурда коронавирус менен оорунун күн сайын өсүшү өткөн жуманын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу 2-4 миң адамга азайып жаткандыгы такталган. Ошол эле учурда өлкөдө калкты эмдөө өнөктүгү жигердүү жүргүзүлүп, карантин күчүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан