Кыргыз-Тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан жабыркап, Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда дарыланып жаткан 37 бейтаптын документтерин калыбына келтирүү үчүн мобилдик топ керектүү маалыматтарды алып кетишти. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мобилдик топтун кызматкерлери бардык керектүү формаларды толтуруп, бейтаптарды сүрөткө тартып кетишкен. Кыргыз-Тажик чек арасындагы окуяларда жаракат алган жарандардын документтерин калыбына келтирүү боюнча бардык иш-чаралар Мамлекеттик каттоо кызматынын эсебинен жүргүзүлөрү кошумчаланды.