Жалал-Абад облусунун Ноокен районунан жасалма документтерди пайдаланган чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 30-апрелде Жалал-Абад облусунун Ноокен районунан Өзбекстандын 1984-жылы туулган жараны кармалган.
"Аталган Өзбекстандын жараны 2018-жылы Ноокен районунун каттоо бөлүмү тарабынан Кыргыз жараны 1980-жылы туулган жаранга таандык жасалма паспорт менен Кыргыз өлкөсүнүн чек арасынан мыйзамсыз өткөн. Ошол эле күнү чет өлкөлүк жаран кармалып, камакка алынган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 358-беренеси "мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.
Кечээ, 6-майда соттун токтомунун негизинде жогорудагы жарандын жашаган үйүнө тинтүү жүргүзүүдө 1980-жылы туулган С.Т. наамына алынган туулгандыгы жөнүндөгү жасалма күбөлүк, болжол менен 15 грамм марихуана баӊгизати, диний мазмундагы китепчелер жана уюлдук телефон табылып алынды. Учурда алынган далил буюмдар боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.