"Орусия" атайын учуу бөлүмүнүн башкы директору, президенттин мурдагы башкы учкучу Константин Терещенко Орусиянын президенти Владимир Путиндин учуудагы жүрүм-турумун айтып бергенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Анын айтымында, эгер мамлекет башчысы иш сапары менен учса анда ал бортто көп иштейт. Ал экипаждын ишине кийлигишпейт, адъютант аркылуу учкучтардан ар кандай отчётторду алат.
"Президент - абдан ыңгайлуу жүргүнчү. Кандай кырдаал болбосун дайыма сабырдуулук менен мамиле кылат. Эч кандай талаптарды койбойт. Ал учуунун чоо-жайын сурап же бизде кандайдыр бир көйгөй жаралса гана тактай алат. Учуунун аягында ал экипаж мүчөлөрүнө ар дайым ыраазычылыгын билдирет", - деп билдирген ал.
Ошол эле маегинде ал өзүнүн эмгек жолу учурунда Михаил Горбачев менен Виктор Черномырдинди ташып жүргөндүгүн, ошондой эле Борис Ельцин менен учкан экинчи учкуч болгонун айтып берген. 2017-жылы президент Путин ага учууга тыюу салган.