Кыргызстанда өткөн сутка ичинде, 21-октябрда 13 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Бишкек шаарында эки өрт кырсыгы катталса, Чүй облусунда төрт, Жалал-Абадда эки, Ошто эки, Ысык-Көлдө бир, ал эми Таласта эки өрт кырсыгы катталды. Өрттү өчүрүүгө 13 бөлүм тартылган.