8-майда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жолугушту. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Путин Рахмонго иш сапары үчүн ыраазычылыгын билдирип, тажикстандыктардын фашисттик Германияны жалпы жеңишке кошкон салымын белгиледи.
"Иш сапардын жүрүшүндө эки тараптуу мамилелер жөнүндө сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк болот. Орусия Тажикстандын негизги соода-экономикалык өнөктөшү бойдон кала бергенин кубануу менен белгилейм. Пандемияга байланыштуу соода бир аз төмөндөгөн, бирок мен аны калыбына келтирип, өнүгөт деп айтууга толук негиз бар деп ишенем", - деди Путин.
Өз кезегинде Рахмон Путинге чакыруу үчүн ыраазычылыгын билдирип, аны Жеңиш күнү менен куттуктады.
"Бүгүнкү күндө тажик-орус мамилелер кызматташтыктын бардык тармактарында динамикалуу өнүгүп жатат. Орусия биздин негизги соода-экономикалык өнөктөшүбүз. Маданий-гуманитардык чөйрөдөгү байланыштар бекемделүүдө", - деди Рахмон.