Тажик паспорту бар жарандар депортацияланып жаткандыгы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында тажик пасторту бар жарандар депортацияланып жаткандыгы маалымдалган. Бул билдирүү чындыкка дал келбейт. Ички иштер министрлиги билдиргендей, Кыргыз Республикасынын мыйзамында "депортация" түшүнүгү жок. Эгерде чет өлкөлүк жаран Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыштарды же жоруктарды жасаган учурда соттун чечими менен кылмыш жана жорукту жасагандыгы үчүн жаза мөөнөтүн өтөгөндөн кийин гана өлкөдөн чыгарылат.