Бишкекте Жеңиштин 76 жылдыгына карата митинг-реквием өттү (фото)

Бүгүн, 9-майда президент Садыр Жапаров Бишкек шаарынын "Жеңиш" аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгына арналган митинг-реквиемге катышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы өчпөс отко гүл коюп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду бир мүнөт аза күтүү менен эскерип, таазим кылды.

Митинг-реквиемге Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, Жогорку Соттун төрайымы Нургүл Бакирова, президенттин администрациясынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов, экс-президенттер Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков катышты.

Бир мүнөттүк аза күтүүдөн кийин борбор калаанын "Жеңиш" аянтында залп атылып, Кыргыз Республикасынын гимни жаңырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aibek_eka
2021-05-09 10:17:30
Парад болбойбу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан