21-октябрда саат 12:00 чамасында Ош облусунун Кара-Суу районунун Талдык айылынын тоо боорунда куураган чөп өрттөнгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Өрттү өчүрүүгө Кара-Суу райондук өрткө каршы бөлүмүнөн 12 өрт өчүрүүчү, Ош шаардык өрткө каршы бөлүмүнөн 5 өрт өчүрүүчү, КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кара-Суу райондук бөлүмүнүн башчысы, аталган министрликтин Ош шаардык Куткаруу кызматынан 6 куткаруучу жана жергиликтүү элден 14 адам тартылып, саат 20:30да өрт толугу менен өчүрүлдү. Өрттүн кесепетинен болжол менен 150 гектар куураган чөп өрттөнгөн.